Азият Жекшеев «Мерседестен» кыйкырган кыз боюнча эмне дейт? (видео)

809

НТС телеканалынын «ТВ Кайгуул» берүүсүндө көрсөтүлгөн видео боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө баштады. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. 9-декабрда Азият Жекшеевдин автордук берүүсүндө айнеги караңгылатылган унаа токтотулуп, анда машинанын ичиндеги кыз жардам сурап кыйкырганы көрсөтүлгөн.

Бирок жол инспекторлору шектүү көрүнүш боюнча эч кандай чара көрбөй, айдоочуну кое берип коюшкан. Жолдогу тартип сакчыларынын өз милдеттерин так аткарбай, жардам сураган адамга кош көңүл мамиле жасаганы коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратты.