Азиз Батукаевдин иши: Феликс Кулов сурак берди (видео)

772

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелгендердин саны тогузга жетти. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды. Ага каршы күбө көрсөтмө берген. Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев бардык жерге Батукаевди бошотуунун артында Атаханов турган деп айтып келет.

Мурдагы вице-премьер-министр камакка алынаардын алдында, Рысалиев Ички иштер министрлигине бир нече жолу суракка чакырылган. Айрым маалыматтарга караганда, бул ишке байланыштуу камоолор дагы улантылып, алты жыл мурда эң жогорку кызматта отургандарга да кезек жетет.