Азиз Батукаевдин иши: кезек прокурорго жетти (видео)

729

Азиз Батукаевдин иши боюнча Нарын областынын прокурорунун орун басарынын кармалганы эмне себептен жашырылууда? Ички иштер министрлиги расмий маалымат берилбей жатканын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп түшүндүрүүдө.

Ал эми Жогорку сот мурдагы адистештирилген прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, бирок соттун чечими менен Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганын ачык эле билдирди. Ошондой эле Нарын областынын прокурорунун орун басары кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча фигурант катары өтүп жатканы кабарланды.