Азык-түлүк боюнча абал. Өкмөт “эң начар сценарийге” даярбы? (видео)

2459

Азык-түлүк боюнча абал оорлобошу үчүн өкмөт “эң начар сценарийге” даяр болушу зарыл. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу май боюнча жыйын өткөрүп, абалдын оорлошуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдар даяр турушу керектигин билдирди.
Күтүүсүз кырдаал жаралып, аба-ырайы начарлап, түшүм жакшы болбой кала турган болсо, айыл-чарба азыктарынын мамлекеттик резервин түзүү жагы каралып жатыптыр. Себеби быйылкы кургакчылыктан улам бир топ баба-дыйкан мол түшүмдөн куру калды.