Азык-түлүк тартыштыгы барбы? Эл эмнеге дүрбөлөңгө түшүүдө? (видео)

2360

Айрым товарлардын наркын атайылап көтөрүп жаткан «чайкоочуларга» карата чара көрүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Адистердин айтымында, кумшекердин наркынын кескин көтөрүлүп кетишине ортодон акча жасаган «кызылкулактардын» аракети негиз болду.

Андыктан алар элди дүрбөлөңгө түшүп, бул азыкты ашыкча сатып алуудан карманууга чакырууда. Ошондой эле, өлкөдөгү кумшекердин кору жарым жылга жетет деп ишендиришүүдө. Анан да өткөн аптада министрлер кабинети импорттолуп келген кумшекер менен өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгын алып салуу чечимин кабыл алган.