Азык-түлүктүн айрым түрлөрү кескин кымбаттап кетти (видео)

5061

Өлкөнүн базарларында азык-түлүктүн айрым түрлөрү жана жашылча-жемиш кымбаттоодо. Экономика министрлиги акыркы күндөрдөгү баалар боюнча талдоосун жасап, анын жыйынтыгында көпчүлүк аймактарда кумшекер жана өсүмдүк майынын наркы жогорулап жатканын байкашкан.

Буга чейин килограммы 40 сомдон сатылып келген кумшекер 50 сомдон ашса, өсүмдүк майы 15-20 сомго көтөрүлгөн. Айрым адистердин айтымында, азык-түлүктөрдүн кымбатташына акыркы күндөрү доллардын курсу жогорулаганы себеп болууда. Аткаминерлер болсо муну экспорттун көлөмүнүн көбөйгөнү менен байланыштырып жатышат.