Азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлгөнү байкалууда (видео)

1645

Өлкө базарларында эттин жана башка азык-түлүктөрдүн баасы кескин көтөрүлгөнү байкалууда. Өзгөчө эт азыктары 50 сомдон 100 сомго чейин кымбаттаган. Айрымдары муну сезондук көрүнүш десе, кээ бири короновирус илдетинен улам чек аралардын жабылгандыгы менен байланыштырышууда.

Бирок аткаминерлер эттин кымбатташы Кытайдагы вируска байланышы жок экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, өлкөдө бир да өндүрүмгө таңсыктык жок. Монополияга каршы комитетинин адистери болсо баалар көтөрүлө бере турган болсо убактылуу тескөө киргизебиз, деп кепилдик беришүүдө. Базарларда эт азыктарынын кымбаттап жатышына эмне себеп болууда?