Азык-түлүктүн баасын негизсиз кымбаттатып жибергендер жазаланат (видео)

2312

Элдин дүрбөлөңүнөн пайдаланып, азык-түлүктүн баасын кескин жогорулатып жиберген чайкоочуларга карата 2 кылмыш иши козголду. Тиешелүү мекеме кырдаалды жеке баюусу үчүн пайдалангысы келген соодагер-ишкерлерге катуу чара көрүлөрүн айтып, эскертүү берип жатат.

Ал арада, өкмөт эл көп колдонгон товардын 14 түрүнө убактылуу чектөө киргизип, аны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт. Буга кошумча, өкмөт буудай жана ун сатып алуу үчүн 800 миллион сом жумшай турганы белгилүү болду. Ал арада, базарларда абал турукташып, ун жетиштүү деңгээлде сатыкка чыга баштады.