Б. Ельциндин жубайы кыргызстандык студенттерге стипендия берди (видео)

727

Кыргыз-Орус Славян университетинин түзүлгөнүнө быйыл туура 25 жыл толду. Бул мааракеге карата окуу жайына Россия Федерациясынын биринчи президенти Борис Ельциндин жубайы Наина Ельцина келди. Иш-чарада ал окууда ийгилик жараткан студенттерге Ельцин атындагы стипендиясын ыйгарды.

Сыйлыкка 50 студент татыктуу болду. Андан соң студенттердин илимий эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, алардын ар бири менен Наина Ельцина таанышып чыкты. Иш-чара Кыргыз Улуттук филармониясында уланып, концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси, өкмөт өкүлдөрү жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько катышты.