Бабанов: Мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылган жок

965

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов соңку саясий окуялар боюнча маалымат жыйынын куруп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө парламент депутаты Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча комментарий берип, интернетте тараган тасмаларды көрүп чыкканын, бирок анын биринде да Исаевдин төңкөрүш тууралуу айткан сөзү жок экенин билдирди.

«Бардык материалдардан мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылган жок. Сот гана адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин аныктай алат. Эгерде Канат Кедейканович мени колдобосо анда мындай маселе жаралмак эмес. Мени колдогону үчүн ушундай болуп атат. Анын мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да сөзүн уккан эмесмин , — деген Бабанов өзүн каралоо аракети уланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге карата кылмыш ишин козгоду. Канат Исаевке «кылмышка даярдык көрүү», «массалык башаламандык», «бийликти күч менен басып алуу» жана «бийликти күч менен кармап туруу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Канатбек Исаев президенттикке талапкерлердин биринин тарабында болуп туруп, ал кандидат шайлоодон утулуп калган учурда массалык башаламандыктарды уюуштурууга бийликти кулатууга аракет көрүп, даярданып жаткан, деп айыпталууда.