Бабанов маселесин кароодон парламент неге жалтактады? (видео)

627

Парламент Өмүрбек Бабановдун иши боюнча маселени кароодон чоочулап жатабы? Жогорку Кеңештин депутаттарынын эки күндөн берки жоруктары көпчүлүктү таң калтырууда. Парламент отуруму башталып, күн тартиби бекитилип жатканда депутат Максат Сабиров Бабановдун иши боюнча Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угуу керек деген. Сунуш колдоо таап, маселени кароо саат 16:00гө белгиленген.

Бирок жыйын регламентти бузуу менен өттү. Кечээ «Республика-Ата Журт» фракциясынын бир нече депутаты Өмүрбек Бабанов боюнча маалыматты угууну дагы бир жолу сунуштаганда, төрага Дастан Жумабеков маселени кайрадан добуш берүүгө коюп, бирок сунуш өткөн жок. Муну менен парламент бул саясий кылмыш ишин кароодон чочулап жаткан билинип калды. Депутаттар эмнеден коркуп жатышат?