Бабанов өлкө кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алган эмес (видео)

1925

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Кумтөргө байланыштуу аракеттеринде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы эч кандай чечим кабыл алган эмес. Ал тескерисинче мамлекетке пайда алып келген гана иштерди жасаган. 2010-жылы 7-апрелде окко учкан балдардын жакындары да, Бабанов алардан жардамын аябаганын эскеришүүдө.

Алар мурдагы өкмөт башчынын Кумтөр ишине күнөөсү жок экенине ишенет. Мындан улам, аны тергөө абагынан чыгаруу керек деп жатышат. Карапайым жарандар арасында Өмүрбек Бабановду колдогондор арбын. Анткени ал Кумтөрдөгү экологиялык мыйзам бузуулар бар экенин ачык айтып чыккан жалгыз премьер-министр болгон.