Бабанов: «Шайлоого 1,5 ай калганда өкмөт башчынын кызматтан кетиши туура эмес»

1037

Жогорку Кенеш 25-августта кезексиз сессияга чогулду. Анда өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы талкууланды. Алгач сессия салтанаттуу ачылып, андан соң Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, тыныгуу жарыяланып, көпчүлүктүн коалициясы менен тармактык комитеттерде жаңы өкмөттүн курамы талкууланды.

КСДП, «Бир Бол», «Кыргызстан» фракцияларынан турган саясий альянс менен тармактык комитет Сапар Исаков жана анын командасын колдоп берди. Бирок өкмөттүн курамына көрсөтүлгөн кандидаттарга бир катар сындар айтылды. Депутаттардын айтымында, Сапар Исаков сунуштаган программа кооз сөздөрдүн жыйындысын элестетүүдө. Бул документти программа деп атоого болбойт, деди эл өкүлдөрү. Алардын пикиринде, соңку тогуз өкмөт сунуштаган ушундай документтердин арасынан, Сапар Исаков алып келген программа — эң начары болуп калды. Анткени, конкреттүү эч нерсе жазылган эмес.

Түштөн кийин депутаттар парламенттин жалпы отурумуна чогулушуп, өкмөттүн жаңы курамын талкуулашты. Министрлер кабинетине талапкерлерге суроо берүүнү каалаган эл өкүлдөрүнүн саны көп болду. Мындан улам, тизмени кыскартышып ар бир фракциядан үчтөн мүчөгө гана собол узатууга уруксат берилди. Андан соң, лидерлер сөз алып сүйлөштү. «Республика-Ата Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановдун айтымында, президенттик шайлоого бир жарым ай калганда өкмөт башчынын кызматтан кетиши туура эмес.