Бабановдун бөгөт чарасы кийинки жумада каралышы күтүлүүдө (видео)

2055

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун камакка алынышы боюнча бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер да өз пикирлерин айтып чыгышууда. Алар бул иштин ачык-айкын, адилет каралышы керектигин айтып жатышат. Андай болбосо, мындай күмөндүү аракеттер кийинки мыйзам бузууларга жана кыянтаттыкка жол ачарын белгилешүүдө.

Кумтөр маселесинин тарых-таржымалын жакшы билгендер бул ишти териштирүүдө биринчи кезекте 2003 жана 2009-жылдардагы чыккынчылык келишимдерге кол койгондордун жоокерчилигин кароо керектигин баса белгилеп жатышат.