Бабановдун штабы ИИМ тараткан маалымат боюнча билдирүү жасады

737

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы ички иштер министрлигинин кечээ кечинде тараткан маалыматы боюнча билдирүү жасады. Эске салсак, анда аталган талапкердин Ош шаарындагы штабынын өкүлдөрү бараткан унаа Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан негизсиз токтотулуп, тинтүүгө алынган. Унаадагы үгүт баракчалары, үгүтчүлөрдүн бир айлык маянасынын акчасы, «шайлоочулардын добушун сатып алууга жумшалмак» деген негизде атайын билдирүү жасалып, каралоо аракети болгон.