Бабановдун штабы: провокациялык иштердин аягы тыйылбай жатат

776

Өмүрбек Бабановдун атын каралоо жана ар кандай жалаа жабуу үчүн жасалып жаткан провокациялык иштердин аягы тыйылбай жатканы үчүн кандидаттын штабы билдирүү таратып, ал тууралуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков айтып берди.

Өзгөчө бул көө жабуу иштери мамлекеттен каржыланып жаткан Коомдук телеканалдардан берилип, ага Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети дагы кошулду, дейт Ирискулбеков. Өзгөчө ар кандай провокациялык иштер жасалып, эч далилсиз, фактыга таянбай туруп материалдар байма-бай жарыяланууда.

Эске салсак, 2 күн мурда талапкердин Оштогу штабынын өкүлүн тартип сакчылары сабап, коркутуп-үркүтүп жатып, даяр арызга кол койдурушкан. Ал эми кечээтен тарта кылмыштуу чөйрөдө жүргөн адамдын интервьюсу жарыяланып, ал талапкерди каралоодо.