Бабановдун үйүнө кирген адам эмне максатты көздөгөн? (видео)

963

Кечээ түнкү саат үчтөр чамасында президенттикке талапкер, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үйүнө белгисиз адам кирди. Ал кошунасынын дубалынан ашып түшүп, үйгө кирүүгө аракеттенгенде, жеке сакчы тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалган адам Казакстандын жараны Антон Геннадиевич Шитов экени белгилүү болду. Шаарчанын сакчыларынын айтымында, Антон Шитов жарым жылдан бери бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимовдун үйүндө иштеп келген. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, президенттикке талапкердин короосуна, кармалган жаран жанындагы үй аркылуу өткөн. Анын эмне максатта бирөөнүн үйүнө кирүүгө аракет кылганы белгисиз. Бул факт боюнча учурда тергөө тобу иштеп жатат.