Бабановго карата кылмыш иши САЯСИЙ МАКСАТТА ачылган (видео)

612

Мурдагы бийлик учурунда жасалма ачылган кылмыш иштери жабылышы керек. Бул тууралуу бир топ саясатчылар, укук коргоочулар жана юристтер билдирип чыгышты. Алардын айтымында, ойлонуп чыгарылган кылмыш иштери Кыргызстандын эл аралык рейтингинде аброюн төмөндөтүп, өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүшүнө доо кетириши ыктымал.

Дал ушундай кылмыш иштеринин бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановго карата да ачылган. Ага каршы саясий максатта иш козголгонун 4 экспертизанын жыйынтыгы далилдеди. Эми баарын мыйзамдуу талаага кайтарууга убакыт келди, дешет адистер.