Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек (видео)

848

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек. Мындай пикирин анын тарапташтары айтышууда. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда, «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго кылмыш иштери эч негизсиз козголгонун моюнга алганы менен түшүндүрүшүүдө.

Көпчүлүк эксперттер дагы Атамбаев өз атаандаштарын саясий куугунтукка алганы үчүн ага карата укуктук чара көрүлүшү керектигин айтышууда. Ошондой эле, ал президент болуп турган жылдарда конституциянын кепили катары өз милдеттерин аткарбай, тергөө, сот органдарынын ишине кийлигишкенин өзү далилдеп койду дегендер да бар.