Бабановго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукканга уруксат берилди (видео)

1783

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукканга уруксат берилди. Буга чейин анын адвокаттары тергөөчүнүн тыйуу салуусун адамкерчиликсиз чечим деп баалап, сотко кайрылышкан болчу. Тиешелүү арыз Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралмак.

Бирок тергөөчүнүн чечимдин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтан кийин соттук отурум болгон жок. Ал арада Өмүрбек Бабановго колдоо сөзүн айткандардын саны күн санап арбып барууда. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип, өз пикирлерин билдирип жатышат.