Багдад аэропортторду кайтаруу үчүн Күртстанга үч күндүк мөөнөт берди

942

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади ирактык Күртстандын жетекчилигине кайрылып, бардык чек ара бекеттери менен аэропортторду Багдаддын башкаруусуна өткөрүп берүү үчүн үч күндүк мөөнөт белгиледи. «Франс-пресс» агенттигинин маалыматына караганда, премьер эгер аэропортторду башкаруу федералдык өкмөткө берилбесе, үч күндөн кийин Күртстанга эл аралык каттамдардын учуусуна тыюу салынарын билдирди. «Рейтерс» эгер бул талап аткарылбаса, Багдад коңшу өлкөлөргө кайрылып, күрт автономдук аймагы менен чек араларын жабууну өтүнөрүн жазды.

Учурда Ирак Күртстанындагы Эрбил жана Сулеймани аэропортторуна эл аралык каттамдарды Германия, Иордания жана Түркия авиакомпаниялары аткарышат. Өткөн жекшембиде Иран Күртстан менен аба байланышын үзгөн. Ирактын премьер-министр Күртстандын көз карандысыздыгы тууралуу референдумдан кийин аймактын эгемендүүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү идеясын четке кагып, коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн билдирди. Ал Багдад Конституцияга таянып, референдумдун жыйынтыктарын тааныбай турганын белгилеген.

Шейшембиде Ирак Күртстанынын президенти Масуд Барзани референдумду «жаңы этап» деп атап, Ирак өкмөтүн сүйлөшүүгө чакырган. Ал ошондой эле дүйнө коомчулугун Ирак Күртстанынын көз карандысыздыгы үчүн добуш берген миллиондогон жарандардын сезимдерин сыйлоого үндөгөн.