Бай айыл өкмөтүнүн жаңы имараты (видео)

464

Таза суу жана асфальтталган жолдун ордуна 22 миллион сомдук имарат. Чүй областынын Лебединовка айыл өкмөтү Бишкек суу каналына беш миллион сом карыз. Бирок бул карызды жабуунун ордуна жергиликтүү аткаминерлер өздөрүнө заңгыраган имарат салышкан.

Буга кошумча, Кыргызстандагы эң кымбат айыл өкмөтү имараттынын ичин баалуу эмеректер менен толтурушуптур. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо обьект аймактагы бардык социалдык маселелер чечилгенден кийин гана салынган деп актанышууда.