Байкоочулар добуш берүү тилкелерине 43 арыз жөнөтүшкөн (видео)

2264

Шайлоочуларды сатып алуу, административдик ресурс, башка жаран үчүн добуш берүү. Саясий өнөктүктүн жүрүшүндө ушул сыяктуу мыйзам бузууларды “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары катташкан. Бул боюнча добуш берүү тилкелерине 43 арыз жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, аймактык шайлоо комиссияларына 8 кайрылуу жиберишкен. Райондук ички иштер башкармалыктарына 2 материал берилген. “Жалпы иш” коомдук фондунун корутундусу жана сунуштары парламенттик шайлоонун өтүшү тууралуу отчетко киргизилет. Ал 30 күндүн ичинде жарыялана турган болду.