Байкоочулар кандай критерий боюнча тандалууда? (видео)

1538

Бир дагы партияга мүчө болбогондор жана мамлекеттик кызматтарда иштебегендер. «Жалпы иш» коомдук фонду дал ушул критерий боюнча байкоочуларды тандап жатат. Августтан бери 116 адам бул ишке киришкен. Алар шайлоого чейинки процесстерге да көз салышат.

Ал эми саясий өнөктүк болгон күнү иштей турган байкоочулар али тандала элек. Алардын саны 375ке жетиши керек. Бүгүнкүгө карата миңден ашуун арыз келип түшкөн. Байкоочулар үчүн тренингдер уюштурулуп, керектүү учурда карай калганга атайын китепчелер да даярдалууда.