Байкоочулардын баасы (видео)

2888

“Общее дело» коомдук фонду жарандардын форма-2 арызы менен массалык түрдө даректерин которгондугу боюнча укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлдөрү брифингде билдиришти.

Ошондой эле партиялардын бири менен депутаттыкка аттанып жаткан 8 аял киши бир учурда эле шайлоодон баш тартканы да тынчсыздандырууда. Бул өз кезегинде саясий бирикмелер квотаны шайлоо алдындагы каттоо учурунда гана сактап, андан кийин барын өздөрүнүн каалоосуна жараша жасап жатканын билдирет, дешет коомдук фонддун өкүлдөрү.