Байтик айыл өкмөтүндө крандагы суудан курттар чыгууда (видео)

6298

Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Байтик айыл өкмөтүндө 3 миңден ашуун тургун ичкен суудан белгисиз курттар чыгууда. Аталган айылдын бир бөлүгү тоодогу булактын суусун пайдаланат.

Ал алгач топтолуп, анан түтүк аркылуу агып келгендиктен ошол башатында курттар пайда болушу мүмкүн, дешет жергиликтүү тургундар. Жашоочулардын айтымында, жамгыр жааган учурда суу ылайлашып, колдонуу оор болуп калат. Кадимки күндөрү тундуруп ичип келишет.