Бакиевдер чыгарып кеткен акчаларды «каралар» аркылуу кайтарабызбы? (видео)

735

Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич кыргыз өкмөтү менен кызматташуу үчүн өзүнө карата соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып билдирди. Ошондой эле, башкы көзөмөл органынын жетекчиси мекеменин тергөөчүлөрү АКШда жазасын өтөп жаткан Евгений Гуревич менен жолугуп келгенин да ырастады. Бирок Гуревич каражаттар тууралуу конкреттүү далилдер менен эмес, оозеки гана айтып жатат, дейт башкы прокурор.

Эске салсак, буга чейин Гуревич “Азаттык” радиосуна интервью берип, анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Мындан тышкары, 3 жыл мурда ага Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү барып, жолукканын айткан. Бирок бул маалымат ошол убакта коомчулукка чыккан эмес.