Бакыт Төрөбаев талапкерлигин алып салуу боюнча БШКга кайрылды

830

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев кандидаттыгын алып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу ал бүгүн Кочкор-Ата шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ал талапкерлигин Өмүрбек Бабановдун пайдасы үчүн алып салды.