Бала асырап алуу жаатында коррупциялык схемалар барбы? (видео)

1343

Кыргызстанда бала асырап алуу жаатында коррупциялык схемалар бар. Бул туурасында улуттук жана эл аралык асырап алуу маселелерине арналган тегерек үстөлдүн жүрүшүндө укук коргоочулар билдирип чыгышты. Айтымдарында, багып алууга кетчү балдардын тизмеси бир гана эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине маалым. Балдар кайсы жерге жөнөтүлөт жана кимге берилерин ушул гана мекеме чечет экен.

Бул меселе менен бир эле мекеме алектенгени бир топ күмөндүү ойлорду жаратат, дешет укук коргоочулар. Анын үстүнө, бул жаатта бир топ чуулгандуу фактылар аныкталып, тиешелүү жактар жазаланган болчу. Бирок мындай дооматтарды эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү четке кагып, баары мыйзам чегинде гана болорун айтышууда.