Бала көтөргөн келинди маршруткадан түшүрүп салган айдоочу (видео)

1197

Баласы менен турган келинди маршруттук таксиден кубалап түшүрүп салды делген айдоочу 1 жумага ишинен четтетилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти. Окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү иштери жүргузүлүүдө.

Эске салсак, интернетке видео тарап, анда 185-маршруттук каттамдын айдоочусу жаш баласы менен турган жүргүнчүнү жулкулдатып, түшүрүү аракет кылганын көрүүгө болот. Бул коомчулуктун катуу нааразылыгын жараткан. Бирок айдоочу окуя башка өңүттө болгонун айтып, актанууда.