Бала саткан дарыгер эркиндикте (видео)

901

Ымыркайларды сатууга шектелип камакка алынган дарыгерлердин бири үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады. Бишкектин Биринчи май райондук соту мындай чечимдин кабыл алынышын медиктин операцияга муктаж болгондугу менен түшүндүргөн. Бирок врач үй камагына чыгары менен дарыланбастан мурдагы жетекчиси менен соттошо баштаган.

Кылмышка шектүү №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун экс-башчысы андан пара талап кылган деп айыптоодо. Алгач бала сатуу боюнча кармалгандардын баарына «Адам сатуу» деген оор берене менен айып тагылган. Бирок кийинчерээк айрымдарыныкы «кылмышты жашыруу» деп өзгөртүлгөн. Бул маалымат кылмышкерлер жазасын алат деген ишенимди солгундатып койду.