Бала саткан клиника жана банданын ана башчысы (видео)

1445

Баланы төрөп албай, сатып алгандар табыла баштады. Бул маалыматты ушул жумада НТС каналына Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ымыркай кезинде сатылып кеткен балдардын алды 5-6 жашка чыгып калгандар. Соңкулары — бирге чыга элек наристелер. Айрымдар социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды таратып, бала сатуу бизнесин жүргүзгөнү үчүн кармалды деген гинекологдордун, аларды жогору жактан калакалап турган дегендердин аты-жөнүн айтып чыгышты.

Ички иштер министрлиги ал маалыматтарга тактоо киргизип, соцтармактарда ысымдары аталып жаткандардын арасынан бир гана адам кылмышка шектүү катары өтүп жатаканын кабарлады.

НТС телеканалы өз алдынча иликтөө жүргүзүп, төбө чачты тик тургузган бул иштин айрым жагдайларын аныктап чыкты. Бул кылмыштуу бизнес бир нече жылдан бери жасалып келе жаткан. Сатылган наристелердин айрымдарынын «балабыз чарчап калган», деп ойлогон чыныгы ата-энеси бар. Башкаларын төрөгөн энеси таштап кеткен.

Медиктердин бандасына кабылып, аз жерден оз баласынан айрылып кала жаздагандар дагы табылды. Алардын ымыркайын өлүккө алмаштырып койгон гинекологдор кармалып, кылмыш иши козголсо дагы, көп өтпөй алар жоопкерчиликтен кутулуп, айрымдары ал тургай кызматтарынан жогорулаган.

Демек жакында эле кармалган медиктердин бандасынын бети мындан бир нече жыл мурда эле ачылмак. Бирок кимдир бирөөнүн кийлигишүүсү же акчанын күчү менен мындай үрөй учурган бизнес жүргүзгөндөр жазасын албай, жаңы төрөлгөн ымыркайларды өлүккө алмаштырып, кылмыштуу ишин уланта беришкен. НТС буга чейин өлкөнүн башка аймактарында дагы баласын жоготкондор жөнүндө чакан иликтөө жүргүзгөн.