Бала сатуу боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өттү (видео)

635

Бала сатуу фактысы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул боюнча отурумду Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-февралга белгиледи. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча 7 кишиге айып тагылган. Алар акыркы 5 жыл ичинде 8 наристени соодалап, 33 жумалык боюнда бар келинге мыйзамсыз аборт жасаганы аныкталган.

Дарыгерлер саткан 7 бала табылган. Азыр алар багып алган ата-энесинин колунда. Ал эми бир бөбөктүн тагдыры белгисиз. Кылмышка шектелип жаткандардын төртөө учурда үй камагында. Алардын айрымдары ишин улантып, боюнда бар келиндерди кабыл алып жатканы айтылууда.