Балалуу аялды жулкулдатып, маршруткадан түшүрүп салган окуя иликтенип жатат

3182

Маршрутканын айдоочусу балалуу аялды жулкулдатып жатып, түшүрүп салган видео интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратууда. Учурда бул окуяны Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгы иликтеп жатканы маалым болду.

Күбөнүн айтымында окуя «Дордой» базарынын жанында болгон. Анда борбор калаада каттаган 185-маршрутканын айдоочусу аял маршруткага балдардын коляскасы менен киргени үчүн түшүрүп салган. Ошондой эле, коляска эч кимге жолтоо болбогону, ал бүктөлүп бир бурчта турганы кошумчаланган.

Колуна баласын кармаган келин болсо, орундукка да отурбай, туруп турган. Бирок маршрутка айдоочусу аял коляскасы менен көп орунду ээлеп алганын айтып, аны жулкулдатып түшүрүп салган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.