Балалыгы ооруга айланган наристе (видео)

1201

Көп түкүрсө көл болот! Эки жарым жаштагы Эрбол кайрымдуу мекендештердин жардамына муктаж. Наристенин жашоосу жарым жылдын ичинде эле кескин өзгөрүлүп, ал үчүн балабакча — ооруканага айланып, таттуу жээр маалында дары дармектин түрүн ичүүгө аргасыз. Эрбол Бакытбековдун сол көзү мындан алты ай мурда эле көрбөй калган. Эми экинчи жагы көрбөй калуу коркунучу жаралууда. Баланын көзүн сактап калуу үчүн дарыгерлер март айына чейин убакыт бар экенин билдиришкен. Бирок операция чет өлкөлөрдө гана жасалат. Ал эми ага керектелүүчү сумманы чогултууга үй-бүлөнүн шарты жок. Мындан улам, коомчулукка жардам сурап кайрылууга аргасыз.