Бишкекте «Баламды мектепке кабыл алгыла!» акциясы башталды

897

«Баламды мектепке кабыл алгыла!» Дал ушундай аталыштагы акция башталды. Укук коргоочулар өткөрүп жаткан бул акциянын максаты — ата-энелерге балдарын мектепке берүүдө укуктук жардам көрсөтүү.

Эгерде алар балдарын мектепке кабыл алуу учурунда документ, мектеп формасы, баланын билимин сыноо жана төлөмдөр сыяктуу маселе чыгып калса Укук коргоочуларга кайрылууну суранышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Баламды мектепке кабыл алгыла!» акциясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жылда уюштурулуп келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.