Баласы менен 4-кабаттан секирген аял жоопко тартылабы? (видео)

761

7 айлык ымыркайы менен 4-кабаттан секирген аялга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял «адам өлүрүүгө аракет жасаган» деп айыпталууда.

Учурда эне-бала экөө тең ооруканада болсо, ымыркайдын абалы оор деп бааланып, дарыгерлер аны операцияга даярдап жатышат. Кылмышка шектелип жаткан келин, ага коюлган айыптоолор менен макул эместигин айтууда. Ал мындай кадамга күйөөсүнүн зомбулугунан тажагандан улам барганын билдирди.

Ал арада аялдардын коргогон уюмдар, кылмышка шектүүнүн жубайын дагы жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.