Баласын кордогон атага катаал чара көрүш керек (видео)

805

2018-жылды «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо жылы» деп жарыялоо керек. Мындай сунушун айрым депутаттар президентке жолдошту. Алардын айтымында, ушундай жол менен гана бул маселеге коомчулуктун көңүн бурса болот. Ошондой эле, аталган суроо боюнча өкмөттүк саат өткөрүлүп, кеңири талкуулоо керектиги да сунушталды. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, балдарды коргоо боюнча өлкөнүн Конституциясы баштаган бардык документтерде каралган. Бирок иш жүзүндө бөбөктөрдүн укуктарынынын корголушу начар абалда.