Баласын саткан эне менен эки дарыгер беш жылдан эркинен ажыратылды

903

Жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылган келин менен эки дарыгер беш жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Эске салсак, окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 10 күн мурда көз жарган 25 жаштагы келин ооруканада иштеген эки кызматкер менен бирге ымыркайын саткан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын бирин 5000 сом алып, ымыркайды берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кийин ал аркылуу кылмышка тиешеси бар эки аял кармалган. Ымыркай 190 миң сомго бааланганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.