Баласын талаага таштап кеткен “күкүк эне” (видео)

1713

Бишкекте көчөдө табылган 1,5 жаштагы бала энесине өткөрүлүп бериле элек. Үй-бүлөлүк шарты, киреше булактары толук иликтенип чыккан соң гана бөбөк апасына берилет. Ага чейин наристе адистештирилген борбордун кызматкерлердин багуусунда болот. Учурда Чүй областынын Москва райондук социалдык адистери, милиция кызматкерлери менен биргеликте келиндин жашоо шартын текшеришүүдө.

Алар чыгарган жыйынтыкка жараша баланын кийинки тагдыры белгилүү болот. Белгилей кетсек, 12-апрель күнү 3-кичи райондогу балдар аянтчасына кичинекей бала ташталган. Тартип сакчылары дароо баланын апасына издөө салып, эртеси энеси табылган. Келин уулун көчөгө атайын таштап кеткенби?