Баласын таштап кеткен күкүк эне табылды (видео)

4331

Балыкчы шаарында кароосуз калган имараттардын биринде жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынан таратышты. Ымыркайдын чүпүрөккө оролгон сөөгү баштыктын ичинде болгон. Аны жергиликтүү тургундардын бири көрүп калып, милиция кызматкерлерине телефон чалып, кабар берген.

Учурда милиция баланы төрөгөн аялды издеп жатат. 3 күн ичинде ымыркайынан баш тарткан 2 учур катталды. 4-мартта Бишкек шаарындагы батирлердин биринин эшигине баласын таштап кеткен күкүк эне табылды. Бөбөк болсо Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлердин көзөмөлүндө.