Баласын тепкен атанын иши боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү

763

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Бариер Адиевге карата козголгон кылмыш ишин иликтеп бүттү. Анын негизинде, үч жаштагы наристесин тепкен атага бейбаштык, жардамга муктаж баланы мазактаган, баланы тарбиялоодо ата энелик милдетин аткарган эмес деген беренелер боюнча айыбы угузулду. Ошондой эле, ишти кароо Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, ушул айдын башында интернетке адам үрөйүн учурган видеотасма жарыяланган. Анда жерге жыгылып калган баласын атасы тепкенин көрүүгө болот. Видео Бишкектин Улан кичи районунда тартылганы аныкталып, кылмышка шектүү көп өтпөй эле кармалган. Ал баланын өз атасы 50 жаштагы Бариер Адиев болуп чыккан.

Шектүү каттоо кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары экени белгилүү болгон соң, дароо жумуштан бошотулган. Адиев соттун чечими менен эки айга камакка алынган.