Баласын тепкен киши Бишкектеги №1- тергөө абагына эки айга камалды

1288

Жыгылып калган баласын тепкен киши Бишкектеги №1- тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Мындай чечимди кечээ кечинде Октябрь райондук соту чыгарды. Тергөө иштери бүткөнгө чейин шектүү адам тергөө абагында болот. Эгер анын күнөөсү далилденсе, ал 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, 2-декабрь күнү интернетте жерге кулап калган баланы чоң адам капталга тепкен видео тараган. Бул окуя интернеттеги соцтармактарда катуу нааразычылыктарды жаратып, айыптуу адам жазалансын деген талаптар айтылган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан.

Кийинчерээк шектүү Сокулук районундагы Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштей турганы белгилүү болду. Мамкаттоонун жетекчилиги анын кечээ иштен кетирилгенин кабарлады. Бала учурда энеси менен ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат.