Баласына кордук көрсөткөн жаран 5 жылга камалабы? (видео)

790

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 250 окуучу үйүнөн качып кеткен. Алардын айтымында, мындай кадамга алар үй-бүлөлүк зомбулуктан улам барышы толук мүмкүн. Соңку окуялар Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын-алуу чаралары жетишсиз жүргүзүлүп жатканын дагы бир ирет далилдеп койду дешет адистер. Профилактикалык чараларды жүргүзүүгө адистердин жетишсиздиги тоскоол болууда, дешет тиешелүү министрликтин өкүлдөрү. Мисалы, бир райондо балдар менен иштеген 3 гана адис иш алып барат. Алар окуя болгон жерге дароо жетип барып чара көрө алышпайт. Алардын жер-жерлерге барып иштөөсүнө да каражат бөлүнгөн эмес. Анын айынан, кайгылуу окуя болгондон кийин гана анын кесепеттери менен күрөшүү адатка айланган.