Баласынан айрылган эне дарыгерлерди күнөөлөдү (видео)

700

Кыргызстанда былтыр 1,5 миңден ашуун ымыркай өлүк төрөлгөн. Көп учурда энелер буга дарыгерлерди күнөөлөп, төрөт учурунда жакшы карабай койду деп айыптап келишет. Алардын бири Жалал-Абад областынын тургуну Мээргүл Абыкенова.

Ал бир жума мурда Бишкектеги №6 төрөт үйүндө көз жарып, бирок баласын колуна ала алган эмес. Кызы чарчап калган. Буга жаш жубайлар акушерлерди күнөөлөп, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты. Ал эми медициналык мекемеде учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат.