Балатыларга болгон суроо-талап өсө баштады (видео)

2324

Жаңы жыл жакындаган сайын балатыларга болгон суроо-талап өсө баштады. Сатуучулардын айтымында, көпчүлүктүн көңүлү өзгөчө Тянь-Шань, көк ийнелүү жана күмүш түстөгү карагайларга түшүүдө.

Кардардын капчыгына жараша түрлөрү да арбын. Ошол эле учурда быйыл базарларда желимден жасалган балатылар жокко эсе экен. Буга Кытайдан товарлардын келүүсүнүн кыйындап жатышы себеп болгон.