Балдар 1 — класска электрондук кезек менен кабыл алынат (видео)

1571

Келерки окуу жылынан тарта биринчи класска бара тургандар электрондук кезек менен кабыл алынат. Мындай ыкма азырынча Бишкек шаарында гана иштейт. Өлкөнүн калган аймактарында 6-7 жаштагы бөбөктөрдү мектепке электрондук каттоого тургузуу долбоору 4-5 жылдын ичинде гана толугу менен ишке ашырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Электрондук система аркылуу жиберилген арыз мектеп директору тарабынан каралып, ал өтүнүч кабыл алынат же четке кагылат. Четке кагуунун 3 себеби болушу мүмкүн. Бул арызды туура эмес толтуруу, баланы биринчи класска каттоо үчүн керектелүүчү документтин жана маалыматтын топтомунун толук эместиги.