Балдар аралыктан окутула баштайт (видео)

1800

Карантин учурунда балдардын аралыкта билим алуусуна шарт түзүлдү. Окуучулар жаңы технологиянын жана “Мегаком” компаниясынын жардамы менен сабак окуй башташат. Видео-сабактарды колдонуудан тышкары, балдар классташтарын жана мугалимин көрүп, угуп өзүн кадимки мектепте отургандай сезет.

Сабак онлайн-конференция аркылуу өткөрүлөт. Муну менен үйдөн чыкпай эле билим алууга жакшы мүмкүнчүлүк тузулду. Бул үчүн “Мегаком” компаниясы окуучуларды жана мугалимдерди бекер интернет жана байланыш менен камсыздап жатат.