Балдар бакчасы наристелерге суу шорпо бергенби? (видео)

828

Бишкектеги 120чы балдар бакчасында сапатсыз азыктын айынан чыр чыкты. Буга чейин интернетте сапаты начар тамак-аш тартылган видео тасма жарыяланган. Аны ата-энелер ашканадан тартып алышкан. Шылдыраган шорпо менен тамактанган бир нече баланын ичи өтүп ооруп калганын айтышууда. Бирок балдар бакчасынын жетекчиси бул кызмат орун талаштан улам болуп жатат деп эсептейт. Айнура Шакетаева бул кызматка эки ай мурда келгенин айтууда. Ал эми калаа жетекчилиги тамак-аш жетишсиздигине байланышкан кырдаал жыл сайын болуп тураарын жана учурда кырдаал жөнгө салынганын билдирди.