Балдар лагерлери жайкы эс алуу сезонуна даярбы? (видео)

1640

Балдардын эс алуусуна бөлүнгөн жолдомолор кимдерге тиет жана алар кандай бөлүштүрүлөт? Бул суроо кечээ өкмөттүн кеңешмесинде көтөрүлдү. Бул максатка бюджеттен быйыл 5 миллион сом бөлүнгөн. Бирок окуучулардын тизмеси тактала элек экен. Буга кошумча, балдар жөнөтүлчү эс алуу жайлары дагы быйылкы сезонго даяр эмес экени белгилүү болду. Мындан улам, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдардын жайкы эс алуусуна даярдык көрүү жана эс алуу учурунда коопсуздукту, медициналык жардамды камсыздоо талабын койду. Ошондой эле, балдар үчүн бөлүнгөн жолдомолорду калыс бөлүштүрүү тапшырмасы берилди.